
Эгемендүүлүк күнүндө Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылат
26-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата концерт өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга байланыштуу 31-августта аянттын аймагындагы унаа кыймылы саат 17:00дөн 00:00гө чейин чектелет.
«Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат», — деп белгилешти муниципалитеттен.
Борбор калаанын мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап алууну суранат.
Булак: Аргумент кж