
Дзюдочу Эрлан Шеров Азия оюндарынын алтын медалын утту
26-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров финалда атаандашын жеңип, алтын байгеге татыды.
Муну менен Эрлан Шеров Кыргызстан үчүн бул Азия оюндарындагы алгачкы медалы алып берди.
Эрлан Шеров 90 кг салмакта беттешкен. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде кытайлык спортчуну жеңген. Андан кийин чейрек финалда ливандык атаандашын уткан. Ал эми жарым финалда БАЭнин спортчусун жеңип, финалга чыккан.
Финалда ал өзбекстандык Давлат Бобоновду утуп, алтын байгенин ээси болгон.
Булак; Аргумент кж