Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Эртең өлкөдө сирена жаңырат

Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Эртең өлкөдө сирена жаңырат

02-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Эртең Бишкек, Ош шаарында жана облус, райондун борборлорунда 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырат. Бул тууралуу ордо калаанын мэриясы маалымдады.

Муниципалитет элди дүрбөлөңгө түшпөгөө чакырып, саат 10-11:00гө чейин машыгуу өтөөрүн белгилейт.

Бул иш-чара Кыргызстанда жыл сайын 5-октябрда өтөт. Анда өлкө боюнча өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу системасы текшерилет.

Мэрия белгилегендей, машыгууга каалаган мекеме-уюмдар катыша алышат.

“Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сизден сиреналар жана башка акустикалык аппараттар үнү чыкканда тынч болушуңуздарды суранабыз!”, — дейт муниципалитет.

Булак: Аргумент кж