Саясат

“Досуңду көрсөтчү, сенин ким экениңди айтып берейин” дечү эле…

Спикер Талант Мамытов менен депутат Өмүрбек Бакиров сиям эгиздериндей ээрчише басышып, эс алса, тамактанса дагы бирге жүрүп калышыптыр. Шайлоого да “Ынтымак” партиясы менен аттанышууда. Жакын сырдаштар сыңарындай. “Досуңду көрсөтчү, сенин ким экениңди айтып берейин” дегендей, Талант Мамытовдун бейнеси Өмүрбек Бакировдун өтмүшү менен өлчөнөбү? Бир кезде Алманбет Анапияевдин өкүл баласы катары Өмүрбек Бакировдун атагы чыкканы, киндиги ошол чөйрөдөн кесилгендей эле шек санатчу. Эмне үчүн бул жааттан үн катпайт? Кантип пул жасаган, байыган? Сыягы, аламандын астанасында бүйүр кызыткан кептер ортого салынабы? Күтө туралы.

«Азия Ньюс» гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *