Коом

Досум аялы экөө эмне үчүн урушпайт экенин айтып оозумду ачырды

Досумдун үйүнөн жеңилдеп чыктым. Абадан
кере-кере дем алдым. Үстүмдө жука күрмө
эле бар болчу, сырт суук болгону менен
үшүбөдүм. Эмнегедир келинчегиме шоколад
сатып алгым келди. Кандай шоколад
жагарын жакшы билем. Акыркы ирет качан
алып бергеним эсимде жок. Жаш балдай
кудуңдап дүкөндү көздөй жөнөдүм.
Эртең менен эле урушуп кеткенбиз.
Болбогон эле нерсе үчүн. Эми макул калп
айтпайын, менин эжем аны жамандаптыр.
Келинчегим билип калып катуу капа болду.
Мен болсо эшикти тарс жаап чыгып кеттим.
Жумушта маанайым жок отурдум. Демейде,
тамакты калтырбаган жаным, түштөнүүгө
табитим тартпады. Кечинде үйгө эмес,
досума жөнөдүм.
Ээ, сонун досум бар да. Качан болбосун
колдоп, урушчу жерле урушуп жыргачу
жерде мени менен жыргайт. Оюн бетке
айтат. Жанында он сому болсо дагы мага
карматат. Аяшыбызга дагы сөз жок. Экөө
суктана турган жубайлар. Жадакалса,
үйүндөгү ит-мышыгын сыйлашат. Бир жолу
катуу “кет” же “пыш” дегенин укпадым.
Аяшыбыздын тамагы даяр болгуча экөөбүз
сыртка чыгып сүйлөшүп отурдук. Акыркы
күндөрү аялым экөөбүз көп урушуп
калганыбызды, ажырашуу деген сөз айтыла
баштаганын, качан болбосун маанайы жок
экенин айтып калдым. Досум мени аяп бир
нерсе дейт дегем. Андай болбоду.
– Досум, үй-бүлө бул кичинекей мамлекет. Ал
жерде сен менен гана аяш болот. Албетте,
урушасыңар, анткени чек араңар жакшы
тосулган эмес. Ар ким басып кирип жаңжал
чыгара берет. Капа болбо досум, бирок эжең,
аяш энем кээде чектен чыгып кетишет.
Албетте, аяшка катуу тиет. Биз деле
башында урушчубуз. Бирок, чек арабызды
бекемдеп, мамлекетибизге экөөбүздөн
башка эч ким кирбей тургандай кылгандан
кийин баары жайына келди. Азыр бирөө
дагы бир нерсе дей албайт. Кайын журтубуз
турмушубузга аралашпай калгандан бери
жашообуз оңолду. Ортобуздагы сый,
ишеним, сүйүү күчөдү. Чек араңды бекемде
дос. Тууган-тууган бойдон ары тарапта
калсын. Сый бойдон калышсын. Экөөңдүн
турмуш, бул экөөңдүн турмуш экенин
көрсөт.
Оозумдан рахмат деген гана сөз чыкты.
Анан тамактанып алып үйгө жөнөдүм.
Босогодон аттарым менен эжем чалды.
Аялым чыгып мени карап туруп калган.
Дагы келинчегимди жамандап кирди. “Эже,менин турмушум, бул менин турмушум.Мен

сизди жакшы көрөм. Сыйлайм. Бирок, үй-
бүлөмдү өзүмө эле коюп, өз бүлөңүз менен
алек болуңуз. Аялым мага жагат. Ошон үчүн
үйлөнгөм. Калганын өзүбүз чечип алабыз.
Экинчи кийлигишпегиле. Ансыз деле
уруштура берип тажаттыңар.”
Трубканы коюп, аялымды карадым. Көздөрү
жашылданып калыптыр. Мени келип
кучактады. Чөнтөгүмдөн шоколадын алып
чыгып бердим.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *