Дөөлөт Сыдыков: «Дин деп эле ыйыктыктарды чанган туура эмес»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин манасчы Дөөлөт Сыдыков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Биз кыргызбыз, көчмөндөрдүн сап башында турган байыркы, кырк уруудан куралган кыргызбыз. Биздин тилибиз-дилибиз, каада-салтыбыз, үрп-адатыбыз, тарыхый бай мурастарыбыз, дүйнө таанымыбыз, гербибиз, туубуз бар өзүнчө элбиз.

Ата-бабаларыбыздан калган кандан-канга өтүп келе жаткан жазылбаган мыйзамдарыбыз бар. Биздин бабалар жети ата өтмөйүнчө үйлөнбөгүлө, каныңар бузулат деген. «Бир туугандын балдары динде үйлөнсө боло берет» деген бузуку саясат элдин эртеңин жок кылууга болгон аракет!

Азыр динде ушундай деп коё беришет, эртең «бул нерсе динде бар, сөзсүз кылышың керек» —  дешет. Билими жок караңгылар ошону кылышат, маңкурт жасабаган ишке барышат. Бир туугандар үйлөнүп отуруп каны бузулган элден оорукчан балдар туулуп оңой эле эл жоголот.

Мындай жосунсуз нерсени алдын-ала албаса эртең кеч болуп калат. Ушулбу биздин идеология?! Өлгөндөргө өкүм чыгарбай ушуларды карагыла! Ии, баса муфтият көп уюмдун эле бири, коомдук фонд деп эле эсептесе болот. Өлүк коюу расмисине мындай кылсак деп айткан менен бирок ушуну аткаргыла дегенге акысы жок! Биз светтик өлкөбүз.

Илгертеден акылман аталарыбыз нарк жоголсо эл жоголот деп бекер айткан эмес. Байыртадан келе жаткан өзөктүү жолубуз бар үчүн ондогон эпос, дастандарыбыз жаралып элдүүлүгүбүз сакталып келди. Салтыбыз менен сакталып улуу эл болуп келдик. Жал куйруктан айрылып сопол, мүйүздөн айрылып токол болобузбу. Бабаларыбыздан калган баалуу мурастарыбызды кийинки муунга өткөрүп бергенге биз милдеттүүбүз…

Дин деп эле ыйыктыктарды чанган туура эмес да. Диндин жакшы жагын айткыла, калган жаман жагын жайылтып эмне кереги бар. Ысык-Көлгө кыргыз баласы гусул алмак түгүл түшкөн эмес, бети колун жууп тайынып эле кеткен, көлдүн астында калган элге же чөгүп каза болгондорду сыйлаган.

Ошондуктан көлгө дагы аяр мамиле кылгыла. Ансыз деле көлүбүз ар кайсындай адамдардан жийиркенип соолуп дагы бара жатат. Көлдү жана элди көздүн карегиндей сактайлы. Кыргыз баалуулуктары менен наркына кол салбагыла!

Улутту жок кылуу боюнча атайын программа бар экенин билебиз. Аракет кылбагыла, баары бир ишке ашпайт! Улутум кыргыз, урааным Манас!», — деп белгилеген манасчы.

Аргумент.kg