Дональд Трамп жашыруун документтерди уурдаган

Дональд Трамп жашыруун документтерди уурдаган

09-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

АКШнын мурдагы лидери Дональд Трампка жашыруун документтерди сактоо боюнча айып тагылып, 13-июнда сотко чакырылганын РИА Новости билдирди.

Билдирүү саясатчынын адвокаттары аркылуу келген. Трамп президент Жо Байдендин администрациясын коррупциялашкан деп атады. Ал айыптоонун негизи ФБР анын Флоридадагы Мар-а-Лагодогу мүлкүн тинтүү учурунда мурда колго түшүргөн жашыруун документтер экенин айтты.

“Мени 7-июнда Майамидеги федералдык сотко чакырышты… Мен АКШнын мурдагы президенти менен ушундай болушу мүмкүн деп эч ойлогон эмесмин”, — деди Ак үйдүн мурдагы башчысы.

“Мага шейшемби күнү түштөн кийин саат үчтө (Бишкек убактысы боюнча 01:00) Майамидеги федералдык соттун имаратына келүүгө буйрук берилди», — деди саясатчы.

ABC телеканалынын журналисти Джонатан Карл өз булактарына таянуу менен билдиргендей, АКШ бийлиги экс-президентти жашыруун документтер менен туура эмес иштөө жана сот адилеттигине тоскоолдук кылуу боюнча жети берене боюнча айыптамакчы.

Булак; Аргумент кж