Доллар качан 25 сомго качан түшөт?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

Биздин планетабызда дүйнөлүк экинчи согуштан кийин көпчүлүк өлкөлөрдө жана эл аралык соода мамилелеринде негизги пайдалануучу валюта катары АКШ доллары өтө  катуу орун очок алып калды. Бирок акыркы мезгилде ар түрдүү  экономикалык жана аскердик саясий себептерден улам бир далай өнүккөн олколордо эл аралык валюта катары АКШ долларынан качуу аракети катуу эле жүрүп жатат.
Маселен абдан белигилүү болгон «Евроньюс» жанылыктар телеканалы 9-март күнкү чыгарылышында «БРИКС» уюмуна кирген күч кубаттуу өлкөлөр АКШ долларын кайсы валюта менен алмаштырабыз дегенин маалымдады. Экономикалык эксперт Стивен Хаел балким жакынкы беш айдын ичинде АКШнын долларын алмаштырчу акча белгилүү болот деген ойду так эле айтты. 2021-жылдын ортосунда бул уюмдун эки кубаттуу өлкөсү Россия менен Кытай өз ара соодасында доллардан баш тартышты. Буга себеп эки өлкөнүн ортосунда рубль-юань акчалары менен эсеп жүргүзүү болуп калды. Бул эскпермент сыяктанган маселе кубаттуу өлкөлөрдүн ортосунда соода-экономикалык байланышты АКШ доллары жок жүргүзүү мүмкүн экенин далилдеп койду. Ушундан улам жакынкы жылдары АКШ доллары эл аралык валютадан четтеп, күч-кубаты такыр кемий турган болуп калды.
«Брикс» уюму планетадагы орчундуу маселелерди Америка гана чечип калгандыгын жокко чыгаргысы келип жаткандыгынын негизги белгиси катары эсептесек болот. АКШ доллары таптакыр жок болуп кетпесе да кубаты начарлоонун алдында турат. Маселен, азыр биздеги 1 АКШ доллары 88сом болсо, эгерде валюта алмашуу ишке ашып кетсе, доллардын баасы 25 сомго түшүшү мүмкүн экенин айтылууда.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg