Добуштар кайрадан эсептелинип жатат, Баш мыйзамды колдоочулар көп болгон

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баш мыйзамдын жаңы долбооруна берилген добуштар кайрадан саналат. Бул тууралуу АШК билдирди.
Алардын маалыматында, Бишкектеги айрым шайлоо участкаларында жаңы Баш мыйзамдын долбоорун кабыл алуу боюнча референдумдан кийин добуштар кайра эсептелинип чыкмакчы.
Добуштарды кайра саноо жети шайлоо участкасында жүргүзүлөрү такталды — No1028, 1029, 1107, 1243, 1246, 1336, 1339. Байкоочулар шайлоочулардын добуш берүүсүндөгү маалыматтарда мыйзам бузуулар жана дал келбестиктер болгонун белгилешти.
No1343 УШКда жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.
Кыргызстанда референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. БШКнын алдын-ала маалыматы боюнча, жаңы Баш мыйзамдын долбоорун шайлоо участкаларына келгендердин 13,66 пайызы каршы, 79,24 пайыз колдоду. Шайлоого шайлоочулардын 37,07 пайызы катышкан.
Булак:argument.kg

Аргумент.kg