
Добр, Ильяз Абдразаков, Мэри Шакулина… Кайсы атактуулар балдарын 1-класска ээрчитип барышты?
01-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБүгүн, 1-сентябрда Кыргызстанда Билим күнү белгиленди. Кыргызстандагы кайсы атактуулардын балдары мектер босогосун аттады.
Ильяз Абдразаковдун экинчи уулу мектеп босогосун аттады. Уулунун сүрөтү менен Ильяз Абдразаковдун жубайы соцтармактагы баракчасына бөлүштү
Ырчы Сагынычтын кызы да мектеп босогосун аттады. «Кызым билим жолуң байсалдуу болсун»,- деп жазды ал.
Ырчы Добрдын уулу Азирет атасы окуган №42 мектептин босогосун аттады. «Бүгүн 1-сентябрь. Улуу балам Азирет мен окуган №42 орто мектепке 1-класска барды»,— деп жазды ал
Ырчы Мэри Шакулина да уулун мектепке жетелеп барды. «Ана-мына дегиче, көздү ачып жумгуча Амирим чоңоюп калыптыр. Балам кичинекейим, таттуум мектепке таштаган биринчи кадамын жарыкка, ийгиликке кут кылсын. Биз сыймыктанган жигиттерден бологой. Кудайым менин эң кичинекей периштеме күн сайын жакшылык берсин, ар бир баскан кадамдарын ийгилик коштосун жана келечегиң кең, бактылуу, өмүрлүү, ак ниет, ыймандуу инсандардан кылган болсун»,- деп жазды ал.
Ырчы Бегимай Асылбекованын кызы да мектеп босогосун аттады.
Булак; Аргумент кж