Дмитриевка айылында ок атышуудан коопсуздук кызматынын эки кызматкери жаракат алды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кант шаарынын Дмитриевка айылында ок атышуудан коопсуздук кызматынын эки кызматкери жаракат алды.

Жабыркаган коопсуздук кызматынын бир кызматкери Бишкектеги Улуттук госпиталга жеткирилди, экинчиси текшерүүдөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Куралдуу топту кармоо операциясы жүрүп жаткан жерде төрт тез жардам унаасы иштеп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-майда эртең менен Ички иштер министрлиги менен УКМКнын атайын күчтөрү куралдуу террористти кармоо боюнча атайын операция жүргүзүшкөнүн укук коргоо органдары билдирди.

«Кармоо учурунда ал куралдуу каршылык көрсөткөн. Атайын операциянын жүрүшүндө ИИМ менен УКМКнын атайын отряды террористти жок кылышкан. Учурда окуя болгон жерде ИИМдин ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат”, — деп ИИМден билдиришти.

Кошумча дагы маалымат берилет.

Аргумент.kg