Депутаттар кезексиз сессияга чогулду
05-теке, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваЖогорку Кеңештин 5-июлдагы кезексиз сессиясында бир катар маселелер каралат.
Буга чейин парламенттин депутаттары пандемияга байланыштуу эмгек өргүүгө чыкпастан, колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл экенин белгилеп, кезексиз сессия чакыртууну сунушташкан.
Кезексиз жыйында Министрлер кабинетине байланыштуу мыйзамдар да каралары күтүлүүдө.
Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы өткөн жумада жайкы эс алууга таркаган эле.