Депутат Токторбаевдын мал салыгын көбөйтүүдөгү максаты эмне?

Депутат Токторбаевдын мал салыгын көбөйтүүдөгү максаты эмне?

30-кулжа, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышдагы депутат Жеңишбек Токторбаев  бийликке элдин суроо-талабын аткаруу үчүн эмес, казынаны кантип кампайтуу максатында келген сындуу. Олуттуу маселени көтөрүүнүн ордуна карапайым элдин суукта тоңуп, ысыкта күйүп жүрүп тапкан мал жандыгына очойто салык алууну көздөгөн маселесин көтөрүп чыккан. Анын айтымында эл мал жандуу жашоо шарты жогору болуп калгандыктан алардын малынын эсебинен казынаны толтурса тез эле өлкө бутунан туруп кетмекчи. Алды артын ойлобогон депутат мындай сунушу менен эмнени көздөп каалап жатты экен. Андан көрө фермерлерди техника күйүүчү май жер семирткичтер менен камсыздап жеңилдетилген насыя акча берүү маселесин көтөрбөйбү дегендер жок эмес. Андан кийин бара -бара өнүккөн өлкөлөргө окшоп акырындык менен малга болгон салыктын өлчөмүн көбөйтсө болоор.

Булак:argument.kg