Соңку убакта депутат Тазабек Икрамов бийликти сындап, өзгөчө жердеши Камчыбек Ташиевдин короосуна таш ыргытып, өз алдынча жигердүү саясатчыдай көрүнүүдө. УКМКнын пиар тобу менен соцтармактан кагышып, бир сыйра маалыматтык айдында күн сынашууга да үлгүрдү.
Депутат табиятынан элдин ой-пикирин айтышы керек. Сөз эркиндигинен эч кандай чектелбейт. Бирок, Икрамов түздөн-түз Ташиев менен таасир талашкандай, ага кыр көрсөткөндөй түр жарата баштаганын байкоого болот.
Тар чөйрөдө деле эрдемсий сүйлөп, «эр жүрөктүүлүгүн» көрсөтүп жатыптыр. Эми Камчыкеден кандай жооп болорун күтө туралы. Эски былыктары тергелип, камалып кетпейби? Же камчысын мойнуна илип, кечирим сурап кутулабы? Көрө жаталы.
Булак: Азия News гезити