Депутат Сарыбашев коңулга кирип кеттиби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бир кезде Таалайбек Сарыбашев деген чиновниктин  таскагы катуу чыкты эле. Ал экинчи борбор аталган Ош шаарына мэр болуп, ошондо жамы журтка тааныла баштаган. Андан кийин аны мыкты мэр  болуп, борборду оңдойт деп Бишкек шаарынын жетекчилигине алып келишкен. Бирок ал аз эле убакыт,  эки жумадан кийин бул кызматты таштап кетип калган. Ал кадамын ЖКга баруу үмүтү менен түшүндүргөн. Ал тилеги ишке ашып, Ата-Журт фракциясы менен депутаттык мандатка ээ болду.Бирок ошондон бери коомчулук  Сарыбашевди такыр көрбөй жоготуп койду. Парламентте канчалаган татаал маселелер көтөрүлүп жатат. Алардын бири боюнча да, Сарыбашев эч кандай пикирин билдирбей көмүскөдө калууда. Бул өзүн өзү сактап калуунун ыкмасы дегендер да жок эмес. Ошол депутаттыкка талапкер кезинде, жана Ошко мэр болоор алдында да анын диплому жасалма деп шек жаралган. Бирок бул маселеде Сарыбашев эч кандай проблемага туш болбой, маселеден суудан кургак чыкты. Ошондой эле  ал Россиянын жараны деген маселе көтөрүлүп кеткен, бирок ал дагы диплом маселеси сыяктуу эле ызы-чуусус  аяктады.

Коомчулуктун айрым өкүлдөрү: «Же Сарыбашев коңулдан чыгып, мамлекеттик маанилүү маселелерге позициясын билдирип активдүү позициясын ээлесин, болбосо  мыкты иштей алып, мамлекет үчүн да, эл үчүн да, кызмат кыла ала турган инсандардын бирине мандатын өткөрүп берсин деп ачык айтыла баштады.

Булак: АRGUMENT.KG

Аргумент.kg