Саясат

Депутат: Раим миллионду жок кылабыз деп жүрүп өзүңөр Матраимовго айланган жоксуңарбы?

29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев “Электр жана почта байланышы жөнүндө” менен “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору карап жатканда, “бул мыйзамдардын экономикабызга кандай пайда бар?” деп суроо узаткан.
Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Талант Калыков мыйзам долбоору аткезчиликти азайтуу жана уурулукту жок кылууга багытталган, деген.

Депутат: “Матраимовдун системасын жок кылабыз деп бүт бизнести Казакстанга өткөрүп салдык. Ошондой болуп калбайбы”, – деп сурады.

Талант Калыков:“80 пайыз телефондун баары Бириккен Араб Эмиратынан келет. Бул мыйзамды кабыл алганда тоскоолдук пайда болбойт”, – деген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *