Депутат паранжа жамынган аялдарды сынга алды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош облусуна 100 миң сомдук сертификаттарды тапшырганы барганда өтө терс көрүнүшкө туш болдук. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова билдирди.

«Көпчүлүк сертификат алган аялдар көзүн гана көргөзүп, кара паранжа жамынып алышкан. Ошто көп экен, бирок Алайдан кездештирген жокпуз.

Жоолук салына берсин, бирок эмне үчүн капкара болуп чүмкөнүп алышат? Ушул маселе боюнча дин башкармалыгына тапшырма берип койсоңор, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн», — деди депутат.

Аргумент.kg