Депутат: Өзбекстандан газды бекер алып жатабызбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

1991-жылдан бери өзбек тараптан суунун акысын ала элекпиз. Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Суу биздин байлыгыбыз. Биз бүгүнкү күндө Өзбекстандан газды бекер алып жатабызбы же сатып алып жатабызбы, деп депутат Икрамов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге суроо салды.

Буга Ташиев газды алган жокпуз, алсак сатып алып жатабыз деп жооп берди.

Икрамов Союз тарагандан бери өзбек тараптан суунун акысын ала элекпиз. Биз силерге суу беребиз, сиздер бизге газды бекер бергиле деп сүйлөшсө болот беле, деген суроону салды.

Бул маселе бүгүнкү шарт деп жооп берди Камчыбек Ташиев.

«Сиз дагы, мен дагы, залда отургандардын көпчүлүгү туула элек маалда 1965-жылы түзүлүп калган. Каалайбызбы, каалабайбызбы бүгүнкү күндө Кемпир-Абадга топтолуп жаткан сууну 70 жылдан бери пайдаланып келе жатат, азыр дагы пайдаланып жатат, мындан ары да пайдаланганга толук шарттар түзүлгөн. Бул шарттарды сиз менен биз түзгөн эмеспиз. Биз азыр ошол түзүлүп калган шарттарды, кайрадан жаңыртып, кайсы бир деңгээлде пайдасын алып калалы деп аракет кылып жатабыз. Эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселесине чекит коёлу деп жатабыз.

Азыр биз сууну саталы деп чыккан күндө деле сата албайбыз. Себеби шарт ушундай. Кемпир-Абадга биздин суу топтолот жана аны Өзбекстан колдонот. Азырынча сууну сатуу боюнча сөз болгон жок», — деп билдирди Ташиев.

Аргумент.kg