Депутат Өмүрбек Бакиров мандатынан ажырады

Депутат Өмүрбек Бакиров мандатынан ажырады

28-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Жакында, БШК депутат Өмүрбек Бакировдун депутаттык мандатын жокко чыгарган чечим кабыл алды. Бул чечимди БШКнын баардык мүчөлөрү колдоду деген маалыматта тарады. Мындай чечимге негиз болуп Бишкек административдик жана Бишкек шаардык сотторун чечимдери саналды. Окуяны баш жагынан айтсак, өткөн парламенттик шайлоо учурда, Өмүрбек Бакиров депутат болуп шайланган. Көк — Жар шайлоо округунан Бикировдун штабынын башчысы шайлоочулардын добушун сатып алган деген арыз менен анын атаандашы Равшан Ырысбаев Бишкек административдик сотко кайрылган ал сот Бакировду мандатынан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алган. Ал эми Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган мандатынан ажыраган депутат бул окуяларды Өмүрбек Бакиров саясий куугунтук деп эсептеерин билдирди. Себеби бир топ убакыт мурда Бакиров жогорку кенештин жыйындарынын биринде УКМКнын төрагасы  Камчыбек Ташиев менен кайыма айтыша кеткен. Ошол кайыма айтышуунун акыры анын ою боюнча ушундай чечимге алып келди. Бакировдун адвокаттары эми доо арыз менен жогорку сотго кайрыларын билдирүшүүдө бирок андан кандай жыйынтык чыгат, эч ким так айта албайт.

Аргумент кж