Депутат Мадеминов: Бизди чимкирик дегендер 36 миң сом айлыктан башка акчабыз жок
28-аяк оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваКечээ , 27-сентябрда Жогорку Кенештин комитет жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов министрлер кабинетинин ишин сындады
«Элге чыксак күнөөкөр депутаттар, биз чимкирикпиз, биз жеп жатабыз. 36 миң сомдон башка акчабыз жок. Айлыгыбыздан башка акча жок. Министрлер кабинетинин өкүлдөрү элге чыкканда акча бизде, депутаттар жөн эле уруксат берет деп айтпайсыңарбы. Иш-чараларды уюштурууга каражат сурап жатасыңар. Бул элдин акчасы», — дейт депутат.