Депутат Кокуловдо Гүлзат Мамытбек кызынан бөлөк маанилүү маселеси жокпу?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ЖКнын депутаты Эрулан Кокулов ЖКнын жыйыныда эки-үч жолу блогер Гүлзат Мамытбек кызынын маселесин көтөрдү. Эмне үчүн алдамчыны түрмөдөн бошотуп койдуңар деген суроону кабыргасынан койду. Депутаттын айтымы боюнча ал далай адамдарды акчага алдап кетти. Ал бошонуп чыккандан кийин көчөдө шоу кылып жүрөт. Кокуловдун шайлоочуларынын көптөгөн суроолору пайда болууда. Алар: андан өздөрүнүн өтө орчундуу маселелерин ЖКда көтөрөт деп күткөн. Бирок Эрулан мырза Гүлзат Мамытбектен башка тема таппай жатабы?  Бирок көпчүлүк шайлоочулар үмүтүн үзө элек. Кирип келген 2023-жылдын башында алардын депутаты маанилүү маселени көтөрүп чыгат деген ишеними үзүлө элек.

Булак: Аргумент.кж 

Аргумент.kg