«Позициям бар, бирок айтпайм». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов кечээ , 6-январда журналисттерге жана жарандык активисттерге жооп берип жатып билдирди.

«Менин позициям, ал менин позициям. Азыр эч нерсе дей албай жатканымдын себеби — бул мен деле силер сыяктуу көп нерсени билбейм. Бирок азыркы кырдаалга карата өз жообумду берем. Позициям бар, бирок эмне мен аны сөзсүз айтышым керекпи? Эмнеге? Ошол маселе добуш берүүгө коюлганда билдирем. Элге каршы чечим кабыл албайм», — деди депутат.