Депутат Фархат Исмаилов жасалма диплому менен бийликтин беделине сокку урууда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Коомчулукта депутат Фархат Исмаиловдун жасалма диплому катуу талкууга алынып, бүтпөй атат. Чатак! Рыскелди Момбеков менен Орозайым Нарматовага иштеген мыйзам эмнеге кыйгап өттү?

Булар да ушул өңүттө айыпталышып, мандаттардан куржалак калышкан. Ал эми Фархат Исмаилов БШКга көрсөткөн дипломду Жусуп Баласагын атындагы КУУдан албаптыр. Архивдик негизде далилденип, баары ачыкка чыгууда.

Окуу жайдын өкүлү диплом албаганын “Азаттыкка” шардана кылды. Билим берүү жана илим министрлиги да тастыктап атат. Дээрлик фактылар ЖМК беттерине батпай кетти. Баса, жарым жыл мурда УКМК Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун дипломдору жасалма экенин иликтеп, ачыктап салган. Учурда бир гана БШК курамы буйдалып, эки депутатка карата таккесе чечим чыгара албай келет.

Президент Садыр Жапаров ар дайым мыйзам баарына бирдей экенин какшап атса, эмнеге аткаруучу органдар шек жаратууда? Дагы качанкыга чейин элди алдашат? Бийликтин беделине сокку урулууда…

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg