
Депутат Эльдар Сулайманов ата жолу менен кетүүдөбү?
27-кулжа, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваАзыркы учурда эмне күчтүү деген суроого жооп издесек, көпчүлүк учурда фейсбуктан күчтүү эч нерсе жок деп жооп берери шексиз. Чындап эле бул фейбсбукта эмнелер гана жок. Кыргызстанда анча мынча аты чыккандардын кимиси кандай экендигине фейсбук гана так жооп берип салат. Баарынан кызыгы, фейсбуктун маалыматы бара-бара турмуш чындыгына айланып кетери да анык. Бир кезде коррупция кылды деп айыпталып, сыртка качууга мажбур болгон транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов чет жерде эмей эле биздин өкмөттө кеңешчи болуп жүргөндүгүн ачыктап салды. Бул го бул. артында чуулганы көп ңурлан мырзанын уулу Элдарь Сулайманов азыркы кезде Жогорку Кеңеште бакыйган депутат болуп олтурат. Ал күчтүү партиялардын бири болгон «Ата-Журттун» тизмеси менен келип, мыйзам чыгаруу бийлигинин бир креслосун ээледи. Илгеркилер айткандай кулдун уулу кул, манаптын уулу манап дегендей эле болуп жатат. Же Эльдардын депутат катары өлкө түчүн маанилүү маселе көтөргөнү, керектүү мыйзам жазганы деле билинбейт. Же шайлоочулардын көйгөйүн чечүүгө киришкени да байкалбайт. Ал ата жолун жолдоп бийликтен өз көмөчүнө күл тартчу жактарын терең изилдеп жатабы? Оюнда кандай жол менен болбосун бир майлуу тармактын чоң болуп отуруп калууну көздөп жаткан жокпу?
Булак:argument.kg