Депутат: Бийлик беш аялдан коркуп жатса, анда мен бул бийликке түкүрдүм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңеш мыйзамдуулукту тебелеп-тепсеп өз билгениндей жашап жаткан бейбаш үй-бүлөгө айланды. Мындай пикирин депутат Адахан Мадумаров бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Эмне үчүн мыйзамдардын тегерегинде чакчелекей түшүп жатабыз? Мунун масаты бирөө гана. Жогорку Кеңештин мамлекеттик башкаруудагы ордун төмөндөтүү, депутаттардын макамына шек келтирүү жана Жогорку Кеңештин мамлекеттеги болуп жаткан окуяларга аракетин азайтуу. Биз өз каалообуз менен, өз эркибиз менен ушул иштерди тездетип жасап бергенге аракеттенип жатканыбыз катуу суроо туудурат.

Урматтуу кесиптештер, Жогорку Кеңеш эл өкүлдөрүбүз. Биз элдин айтканына чыкпашыбыз керек, элдин кызыкчылыгын коргошубуз керек. Ошондо эл өкүлү деген макамга ээ болобуз. Бирок, чындыгына келгенде Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алуу пунктуна айландык. Коомдо болуп жаткан окуяларга биздин таасирибиз жокко эсе.

Бүгүн биз мыйзамдуулукту тебелеп-тепсеп өз билгениндей жашап жаткан бейбаш үй-бүлөгө айландык. 28 жаран абакта мыйзамсыз кармалып отурат. Кечээ дарыгерлер барып, эки кызыбыздын өмүрүнө коркунуч келип жатат деп коңгуроо какты. Жогорку Кеңеш эч нерсе болбогондой мыйзамдарды карап отурат. Өзүм билемдик кыла берүүнүн аягы жакшылык менен бүтпөйт. Бийлик камактагы беш аялдан коркуп жаткан болсо, анда мен бул бийликке түкүрдүм. Бул бийлик биздин укугубузду коргой албайт.

Ушул кагылып жаткан коңгуроого президент же Жогорку Кеңеш кулак какпаса, эртең азаптын чеңгелине кабылабыз. Же Марат Казакпаевге окшоп сөөгү чыгыш керекпи СИЗОдон? Бул жерде тымпыйып, мыйзам талкуулап отурганыбыз кайдыгерлик деп аталат. Кайдыгерлик мыйзам боюнча да, ыйман боюнса да эң чоң күнөө. Учурда жакындарын көрө албай 28 үй-бүлө сыздап отурат. Соңку кезде Жогорку Кеңешке киргим да келбейт ачыгын айтайын. Кайрган гана Жогорку Кеңеш, кайран гана биз тагып турган төш белги. Ушул жерде 5-6дан кудуңдашып өз маселебизди чечкенден бөлөк эмне иш кылып жатабыз?

Биз тез аранын ичинде комиссия түзүшүбүз керек. Ал комиссия адам укуктары канчалык деңгээлде корголуп жатат, мыйзам кандай иштеп жатат деген маселелердин айланасында иштеп, бир тыянак чыгарыш керек», — деди Мадумаров.

Андан сырткары депутат Конституциялык сотко Курултайдын мыйзамсыз өткөндүгү тууралуу арыз жазганын билдирип, бүгүн тапшыраарын айтты.

Аргумент.kg