Депутат: “Баткенде оперативдүүлүк нөл. Эки айда араң эки үй бүттү»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 27-декабрда Баткенде жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү маселеси талкууланган комитеттин жыйынында депутат Камила Талиева курулуш иштери өтө солгун жүрүп жатканына нааразылык билдирди. “Баткенде оперативдүүлүк нөл. Эки айда араң эки үй бүттү, дагы 420 үй 420 айда бүтөбү?” — деп суроо салды эл өкүлү Камила Талиева. Эл өкүлү 45 күндө бир айылды куруп койгон мамлекеттер бар экенин мисал келтирип өттү. Ал Баткен боюнча жалган отчеттер кетип, көз боемочулук, коррупция болуп жатканын ачыктады. Мындан улам депутат Баткен боюнча кадр маселесин кайра кароону талап кылды. “Мамлекеттин ичинде мамлекет болуп алышкан, Баткенде кош стандарт. Курулуш боюнча тендерди да, кадрды да бир киши чечет. Биз тарыхтан сабак албай калдык. Мага бул боюнча элден так маалымат келип жатат. Жалпы жыйынга чыгаруу үчүн материалдарды даярдап жатам. Баарынын аттарын атайбыз, мезгил келди”,- деди депутат Камила Талиева. Ошондой эле эң көп жабыр тарткан Лейлек районунун эли мамлекет башчынынын келишин күткөн эле деп кошумчалады Талиева.

Аргумент.kg