Депутат Бакасовдун уюшкан мафиясын Ташиев тизгиндей алабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыңыр ишти жөнөкөй тилде түшүндүрөлү. Торугарт өткөрмө бекетинен күнүгө 200-250 чамасындагы фуралар өлкөбүзгө кирет. Бул жерден кызык жагдай жаралууда. 

Депутат Улан Бакасов өзүнчө уюшкан мафия түзүп алып, чек арадан өткөн жүк ташуучу унааларды калкалоочу бизнес жасап, ар биринен 12 миң сом алып атабы? Бишкекке чейин жеткизүүнүн кепилдигин жасашканы кандай? Орто жерден жүк ташуучулардын уюмуна киргизүү үчүн 4 миң доллардан алганы ырасталабы? Кытайдан кирип аткандарды кезекке тургузуу таризинде миң сомдон солошобу? Дал ушул уюшкан, мафиялуу иштерди Нурлан Омукеев жүзөгө ашырып жүрөбү? Анан калса, булар бажы кызматкерлери менен “жең ичинен” сүйлөшүп алышып, кирген товарлардын салмагын 40 пайызга чейин аз көрсөтүшүп (ар бир фуранын), ортодогу акчага туйтунушуп, чөнтөккө уруп жатышканы ачыкталабы? А мамлекеттин банкрот болгону эсептелбейби?..

Дал ушул суроолорго УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ак дили менен киришип, териштирүү иретинде элдин ырыскысын жеп аткандарды ашкерелеп, мыйзам алкагында жоопкерчиликке тарта алабы? Тергөөгө ылайыктуу болуу үчүн биз атайын суроо таризинде жолдодук. Эске салсак, Казакстанда да бажы, салыктан сырткары ортомчу шылуундар калкалоочу иштерди жасашып, натыйжада, атайын кызматтарга кармалышып, баардыгы жоопкерчиликке тартылышкан. Бизде кыйын болуп калбайбы? Себеби, Улан Бакасов президенттин жакын адамына таянуу менен чалмакей чалып атса, анда мындай “беспределге” Камчыбек Ташиевдин да алы жетпейби? Күтө туралы…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg