Депутат Ашимова: «Азыр акчаң жок болсо, ооруканага кайрылуу өтө оор»

Бир аптадан бери 4-оорукананын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков менен саламаттыкты сактоо министриАлымкадыр Бейшеналиевдин тиреши уланып келет.

Мындан улам SUPERTV каналы Жогорку Кеңештин депутаттарына «Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун Тез жардам ооруканасы кылып өзгөртүүгө кандай көз караштасыз? Сабырбек Жумабеков менен Алымкадыр Бейшеналиевдин тирешинде чындык ким тарапта деп ойлойсуз?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Динара Ашимова комитет жыйынында министрден саламаттыкты сактоо тармагында кандай кырдаал болуп жатканын сурашканын айтты. «Бул тармакка реформалар керек. Ооруканага кайрылыш өтө оор, акча жок болсо, андан да оор. Чындыгында реформа керек»,— деди ал. Ал мындан тышкары, министрден этиканы сакташ керектигин суранганын айтты.

Аргумент.kg