Депутат Алимбековго караштуу “Папан курулуш” көп өлчөмдө салык жашырганбы?

Депутат Алимбековго караштуу “Папан курулуш” көп өлчөмдө салык жашырганбы?

24-бештин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Убагында “Папан курулуш” фирмасы мамлекетке арбын салыктарды төлөбөй, көз будамайлоо менен иш жүргүзгөнү ырасталабы? Билгендердин баамында, миллиондор алдаркөсөлүк ыкмада жабылганы айтылууда. Бул курулуш ишканасы “Сулуу чымчык” каймана атындагы депутат Нурбек Алимбековго караштуу эле. Көмүскөдөн көп былыктарды бүтүргөн эргул кийин “Нур заман” фирмасын ачып, эски мыйзамсыз иштеринен буйтап кеткени кандай? Мамлекетке тийешелүү салыгын убагында төлөбөй, ойт берип кетсе болобу? Дал ушул алкакта УКМК кызыгып көрөбү?

«Азия Ньюс» гезити