Депутат Акылбек Жапаровдун отставкасын талап кылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2-майда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкасын талап кылды.

Анын айтымында, Министрлер кабинети Кыргызстандагы капиталдык салымдар боюнча депутаттарга отчет беришкен эмес.

“Эгерде министрлер жана алардын орун басарлары жашыруундуулукка шылтап, аткарылган иштер боюнча отчет бере албаса, анда кетишсин. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров да кетсин. Мындай демилгени «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы буга чейин көтөргөн. Канча акча эмнеге кеткенин, канча түшкөнүн айта албаса, капиталдык салымдардын баасын чечмелей алышпаса кетсин. Менин сунушум боюнча протоколдук тапшырма берүүңүздөрдү суранам», — деди Акылбек Түмөнбаев.

Депутаттын айтымында, өткөн жылдын май айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарын комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун алкагында республикалык бюджеттен 2 миллиард сом бөлүү чечими кабыл алынган.

«2022-жылы 885 миллион сом бөлүнсө, анын 620 миллиону өздөштүрүлгөн. Кыш келгенине байланыштуу 265 миллион сом Каржы министрлигине кайтарылган. Ушул жылдын 22-мартында 1 миллиард 385 миллион сом бөлүү боюнча буйрук чыккан. Бирок май айы болду, убадаланган каражат азыркыга чейин бөлүнө элек», — деди эл өкүлү.

Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Министрлер кабинетинин отставкасы боюнча чечимди Жогорку Кеңештин төрагасына жана тиешелүү комитетке тапшырган.

Аргумент.kg