«Ден соолугум кескин начарлап кетти». Кайда экени белгисиз болуп жаткан Эмил Жамгырчиев байланышка чыкты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кайда экени белгисиз болуп жаткан Эмил Жамгырчиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу байланышка чыкты.

«Акыркы күндөрү коомчулукта мен тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жатканына байланыштуу өзүм маалымат берип коюуну туура көрдүм. Ата-эне баарыбыз үчүн өтө кымбат адамдар эмеспи, учурда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жана ден соолугум да кескин начарлап кеткендиктен эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгуу жөнүндө Жогорку Кеңештин төрагасына расмий кат менен кайрылгам. Мен үчүн кабатыр болгон бардык замандаштарыма ыраазычылык билдирем», — деп жазды ал.

Аргумент.kg