Дастан Жумабеков менен Талас Бегалиев эмнеге урушту?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

28-29-30 -октябрь күндөрү Таласта көкбөрү боюнча республикалык мелдеш өтүп, ар бир облустан барышкан. Тилекке каршы, маараке ойдогудай өтпөй калды. Алгач Дастан Жумабеков демилгени колго алып, 1 миллион сом чыгарып атканын бетке кармап, өзүнүн кичи мекенине оюн-зоокту уюштурууга ашыгат. (Эл астында упай алуу үчүн). Бакыт Райымкулов сыяктуу ышкыбоздор «Чүйдө эле өткөзөлү, аттардын баарын ташып жүрүү да түйшүк» дегендей сөздөрдү айтышса, Дастан укпай коёт. Ошентип, ар облустан улакчылар келишип, мелдеш да аягына чыгат. Биринчиликти Таластын командасы, экинчини Чүйдүн мыкчыгерлери утушуп, тизме андан ары уланат. Эң кызыгы, башта айтылган 1 миллион сом толук байгеге берилбей, учтөн бири гана эптеп чогулганы, аягы чыр-чатакка айланганы кандай? Дастан Жумабеков менен «Көк-Бөрү» федерациясынын президенти Талас Бегалиев уруша кетип, аз жерден калышканбы? Ошондо ар бир облустан Таласка чейин оюн көрсөтүү үчүн барышкан улакчылардын мээнети эмне болду? Дал ушул жагынан териштирүүлөр козуп турганын аталган федерациядагы өздүк булагыбыз билдирди. Эгерде Дастан Жумабеков сөзүнө турбаса, байгелерди толук бербесе, өзүн өпөңдөтө улак кылып тартып кетишпейби? Кызык тамаша алдыда окшойт. «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg