Дастан Бекешев: Илим Карыпбеков өзү майып болгондуктан, мени кемсинтип жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ЖКнын депутаты Дастан Бекешев борбор шаарыбыздын айрым бир инфаструктура маселелерин өзүнүн Твиттердеги баракчасында көтөрүп чыккан. Анда депутат соода жана тамак аш түйүндөрүнүн алды жагындагы аянтчалар ошол түйүндөр аркылуу тосулуп үстү жабылып дээрлик мыйзамсыз түрдө менчиктештирилип алган. Бул жерде коррупциянын элементтери жатат деп билдирүү таштаган.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин ага жооп иретинде жарандык активист, жана блогер Илим Карыпбеков сынга алып, «өз көзүң менен көрбөгөндөн кийин, мынтип жазуу болбой»-деген мазмундагы жооп билдирүү калтырган.

Депутат Дастан Бекешев Илим Карыпбековго биздин «Аргумент.кж» редакциябызга интервью аркылуу пикирин билдирди:

«Эгерде өзү майып адам ушунтип айтса,мен аны тамаша деп түшүнөөр элем, бирок бул жолу Илим мырзанын жообунда мени түздөн түз жеке кемсинтүү жаткандыгын баса белгилегим келет. Ушу да туурабы?».

Аргумент.kg