Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев жеке фейсбук баракчасына жазды:

“Бирок, бул мыйзам бийликке жардам бербейт. Интернет баракчаларды жаап, бөгөт коюу менен өзүңдү сүйдүрө албайсың. Коркутасың, бирок сыйга татый албайсың. Эгерде адамга жей турганга эч нерсе жок болсо, бийликке жек көрүүсү күчөй берет. Аны эч кандай бөгөт токтото албайт”, – деп жазды.