Ош облустук милициясы 14 жыл мурда жасалган кылмышка шектеп айыкпас дартка чалдыгып, өлүм төшөгүндө жаткан 58 жаштагы М.О аттуу жаранды камакка алды. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлү Улугбек Абдулазимов билдирди.

Анын айтымында, шектүүнүн абалы оор болгондуктан тергөө абагы аны кабыл албай койгон. Бүгүнкү күндө М.О. убактылуу кармоочу жайында мыйзамсыз кармалып турат. Ага дары-дармек, медициналык жардам берилбесе каза болуп калышы мүмкүн.

Улугбек Абдулазимов кылмышка шектелип кармалган М.О. бүгүнкү күндөгү убактылуу кармоочу жайында кандай шартта кармалып турганын жана 2007-жылы жасалган кылмыш кандайча болгондугу боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди.

«2021-жылдын 18-декабрында жактоочулардын жактоосундагы жаран милиция кызматкерлери тарабынан күнөөсүн мойнуна алдыруу үчүн кыйноого алынып жаткандыгы тууралуу арыз түшкөн. Маалыматтын чын-төгүнүн ар тараптуу текшерүү максатында ошол эле күнү Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына иш сапары менен бардык.

Чындыгында СИЗОдо 10 адам болгон, журнал боюнча 12. Алардын ичинен үчөө аял, калганы бойго жеткен эркектер экен. Кароолчу эки шектүүнүн кайда экенин сураганда, алардын каракчылыкка шектүүлөрү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш болгон жерге жеткирилгенин айтты. Кармалган адамдардын кармалышынын мыйзамдуулугун текшердик. Андан соң камераларды кыдырып, камактагылар менен сүйлөшүп, укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрмө бердик. Алардан эч кандай арыз даттануу түшкөн жок.

Бирок 6-камерада улгайган адам абдан кайгылуу отургандыгын көрдүк. Анын кантип дем алып жатканын байкадык. Биз кароолчудан аталган жаранды тергөө камерасына алып келүүнү сурандык. Абышка коңурук тартып дем алып жаткандай басып келип, отургучка отура албай, дубалга жөлөнүп отуруп, ыйлап жиберди. Ден соолугу начар экени көрүнүп турду. Мойнунун эки жагында бүдүрчөлөр бар экен. Карыяны сооротуп, анан сүйлөшүүгө кирдик.

М.О. 1963-жылдын 30-октябрында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Мамажан айылында туулган.

Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси («Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү») менен айыпталып, 2007-жылдын 31-июлунда кылмыш иши козголгон.

М.О.нун айтымында, жолдоштору менен курулушта иштеп, жумуштан кийин эки жолдошу менен бирге майрамдап, спирт ичимдигин ичишкен. Бир нече убакыт өткөн соң эки досу урушуп, чоң мушташка айланып кеткен. Бири экинчисин сүзүп, тепкилей баштаган. Ошол учурда М.О «Сөгүнгөндү токтот, урба! Антпесең өлтүрөсүң» деп ажыратууга аракет кылат. Бирок ал киши укпай, урганын токтоткон эмес. Андан кийин М.О. экинчисин сабап жаткан жолдошун түртүп жиберет. Ал жыгылып, акыры ооруканада каза болгон. М.О. анын өлгөнүн да билген эмес.

М.О. турмуштун өтө оор шарттарында жашап, аны аялы, балдары таштап кетишкен. Базарларда, курулуштарда иштеп тапкан эмгеги менен жан багат. Ал рак, моюн рак оорусуна чалдыккан. Акчасын топтоп, Казакстанга дарыланууга барган. Дарыгерлер анын абалын текшерип, мындай дартка чалдыккан адам пайдасыз дарыланып жатканын, жакынкы күндөрү каза болорун айтышып, ооруканага жаткыруудан баш тартышкан.

Ал мекенине кайтып келе жатканда, үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында М.О. издөөдө жүргөндүктөн Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, 2021-жылдын 5-декабрында убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

Бүгүнкү күндө ал Кара-Суу РИИБде 2,5 айдан бери тамак иче албай, суюк тамакты гана ичет. Муну убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси да тастыктады. М.О.го жардам берүү үчүн тез жардам чакырууну сурандык. Тез жардам келип, оорууну калтыруучу дары гана сайды.

Убактылуу кармоочу жайдын жетекчисинин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында М.О. Ош шаарынын СИЗО-5ке жеткирилген, бирок юстиция министрлигинин №25 мекемесиндеги медициналык бөлүмдүн медициналык бөлүмүнүн башчысы, М.О.нун ден соолугунун абалына таянып, СИЗО-5ке киргизүүдөн баш тарткан.

М.О.нун абалы күндөн күнгө начарлап барат. Кылмыш 14 жыл мурун болгондуктан, анын ден соолугунун абалына жараша жазаны жеңилдетүү зарыл экенин убактылуу кармоочу жайдын башчысы кошумчалады», — деди Улугбек Абдулазимов.

Бул окуя боюнча кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун өкүлдөрү, М.О.нун арыз-муңун жана азыркы ден соолугунун начардыгы боюнча Ош облустук прокуратурага арыз, сүрөттөрүн жөнөтүлөрүн билдиришти.