Дарыгерди бейтапты карап жатканга башка муштаган

Бишкекте Улуттук госпиталдын дарыгери Болот Таиров сабап кетишти. Бул тууралуу ал социалдык тармактарда жазып чыкты.
Анын айтымында, болжол менен саат 8.30да неврологиянын кабыл алуу бөлүмүнө бир жигит келип, унаадагы бейтапты текшерип чыгууну суранган.
«Көчөгө чыгып, бейтапты салып келген унааны таппай, кайра артка кайттым. Арадан 5-7 мүнөттөн өтөр менен бир жигит эшикти тээп кирди.  Сыртка чыксам кире бериште  бара жатсам, мен бейтап отуруптур. Анын абалдын карап жатсам жигит башымдын он жак тарабына сокту. Ал жигитин мага жасаган орой мамилеси  оорулууну текшерүүгө тоскоолдук кыды. Мага жулунуп, дагы бир жолу урууга аракет кылды. Бизди ажыратып калгандар аны сыртка сүйрөп чыгып кеткенден кийин бейтапка тийиштүү жардам көрсөттүм», — деп жазат дарыгер.
Булак:argument.kg

Аргумент.kg