Дарыгер: «Күйүп калган жерге тиш пастасын сүйкөгөн болбойт»

Дарыгер: «Күйүп калган жерге тиш пастасын сүйкөгөн болбойт»

29-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Тез жардам борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов «Биринчи радионун» түз эфиринде күйүк болгон учурда кандай медициналык жардам көрсөтүү керектигин айтып берди.

Анын айтымында, күйгөндө жарандар тиш паста, май же белок сүйкөй башташат. «Бул таптакыр болбойт. Эң негизгиси күйгөн жерди муздак суу менен муздатуу керек. Ал эми адам ууланып, эсине келсе, тез жардам келгенге чейин суюктукту көбүрөөк ичүү керек», — деди ал.

Булак; Аргумент кж