Дарбыз менен коондун пайдасы

Дарбыз менен коондун пайдасы

20-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Ар бир мезгилдин өзүнүн жей турган азыгы болот. Жазында  кулпунай жеп келген болсок, жай келгени дарбыз, коонго өтөбүз. Жай мезгилинде өзгөчө көп желүүчү дарбыз, коондун пайдалары жана анын организмге тийгизген таасирлерине токтолобуз.

Дарбыздын ичиндеги аппак катмары кан басымын түшүрөт Бөйрөк, боордогу ташты тазалоодо. Дарбыздын ширеси организмдеги холестериндин басымын түшүрүп, боор менен бөйрөктү шлактардан тазалайт. Дарыгерлер организмди тазалоо үчүн 3-4 күн бир гана дарбыз менен кара нанды кабыл алууну сунуштап келишет. Бул аралыкта тез-тезден заара чыгаруу менен бөйрөктү, боорду жана заара чыгаруучу жолдордун баарын майда кум менен таштардан тазалайт. Ушул ыкма менен артрит, гастрит, сарык, аз кандуулук, жүрөк кемтик оорулары, мурундан аккан канды жана семирүүнү дарылайт.

 

Коон менен жүрөк-кан тамыр ооруларын, аз кандуулукту жана унутчаактык оорусун дарылайт. Мындан тышкары коон кабыл алынган антибиотиктердин зыяндуулугун жок кылып, организмди алардан коргой алат. Дарыгерлер аталган жемишти бөйрөгүндө жана заара чыгаруучу органында ташы барларга, аз кандуулук менен ооругандарга гемоглобинин көтөрүү үчүн дары катары сунуштап келишет. Дагы кошумчалай кетсек, ал иммунитетти көтөрүп, нерв системасынын ишин тынчтандыргандан тышкары тырмак жана чачтын түбүн бекемдейт. Эскерте кетсек, коонду башка азыктар менен чогуу бир учурда жегенге болбойт. Себеби ал пайда тийгизе турган жерлерге зыянын тийгизет.

Булак Аргумент кж