Даниэль Ажиевдин “порно бизнесин” ИИМден кимдер калкалайт?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Аз күн мурда Даниэль Ажиев кош майрам өткөрүп, Динара Акулова, Гүлжигит Калыков жана Нурлан Насипти ырдатканы талкууга алынган. Буга улай жүз доллардан чачып, тик учак менен сейилдеген видеолорун да көргөнбүз. Бир эле отурушу 600 миң сомдон ашкан чегин жарыялады. Бүйүр кызыткан бул жигиттин коомчулукка белгисиз жагдайларына кызыгып көрдүк. 

Эсиңерде болсо, “меценат” катары сыпатталган Даниэль Ажиев түз эфирден элди сөккөнү боюнча камалып, кийин “жинди” деген справка алып, эркиндикке чыккан. Бирок мээси жакшы иштейт. Мындайча айтканда, эл аралык деңгээлдеги “порно-бизнести” өркүндөтүүнү оңой адам жасай алабы? Өздүк булагыбыз билдиргендей, Биринчи Май районунда элиталык эки квартирада, дагы Октябрь районунда үч хансарайда веб-камера студияларын иштетери каңкууланды. Негизинен жаш, сулуу, студент кыздардын кызмат көрсөтүшкөнү кайсы талапка ылайык? Кардарлардын көпчүлүгү чет элдиктер экени болжонот. Веб-камера студиялары аркылуу кыздар порно көрсөтүшүп, кумардын туу чокусуна чыгышарын элестетип көргүлө. Каражаттар байма-бай Даниэль Ажиевдин Алматыдагы эсебине түшөрү, өзү телефон аркылуу көзөмөлдөп турары, ошентип, жумасына 50-60 миң доллар тапканы аныкпы? Мына ушул биз күмөн санап аткан иштер күч органдары аркылуу ачыкталса, натыйжада, кашкайган кылмыш катары кабылданат. Кыргызстандын мыйзамдарында сойкулук бизнести өнүктүрүү жазылган эмес. Демек, шек жаралат…

Кызык, анда укук коргоо органдары каякты карап отурушат? Кептин баары ушунда. “Иттин өлүгү” кайсы жерге көмүлгөн? Эмесе, биз да сурайлы. Даниэль Ажиевдин веб-камера студияларын ГУУРдун орун басары Улан Айтбаев жана кызматкери, Акылбек Мамасейитовдун өкүл баласы Талант Эргешов калкалайбы? Бишкек ШИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнөн Дастан да көзөмөлдөйбү? Эгерде бул суроолордун түйүнүн чечүүгө жогорку жетекчилик кызыгып, кызматтык иликтөөгө алдырса, көп былыктардын башын ачышы мүмкүн. А баса, Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев өз энчисин алып келбесе, милдетин так аткаруу менен мыйзамдуулукту көрсөтөт беле? Тилекке каршы, тийешелүү жетекчилер көмүскө акырдан “жем жеп” жатышса, “кепшеген оозуңду дурайын” демекчи, билмексенге салышканы ушулбу?..

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg