Даниэл Ажиев эки айга камалды

Даниэл Ажиев эки айга камалды

06-кулжа, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева

Бишкектин Биринчи Май райондук соту кечээ, 5-июнда Даниел Ажиевдин баш коргоо чарасын карады.

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, ал 26-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

Буга чейин УКМК  Э.А. аттуу жарандын акча талап кылуу фактысы боюнча кайрылган арызынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Д.А. жетектеген “веб-кам” деп аталган студиялардын ири тармагынын ишин координациялаган трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койгон.

Э.А. аттуу жаран аталган “веб-кам” студияларынын оператору болуп туруп, эмгек тартибин бузгандыгы үчүн администратор Н.Ш. тарабынан психологиялык басымга кабылып, ал тарабынан физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен арыздануучудан 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган.

Бул маалыматтар Д.А.га таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө негиз болуп, ал жерлерде 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчалай сыйлыкка интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн колдонулган 80 даана компьютердик техника болгон.

Белгиленген топтун мүчөлөрү чет мамлекеттердин аймагынан бул жаатта иштөө үчүн Д.А. тарабынан түзүлгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, эбегейсиз киреше алып турган “моделдер” делген кыздарды тартууну уюштурушкан.
Белгилей кетсек, операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт.

Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин бетин ачкан буюм далилдери алынып, бул топтун үч активдүү мүчөсү кармалып, аларга тиешелүү айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Булак; Аргумент кж