Дамира Ниязалиева 18 миллион сомду төлөп бериши керек. Добуш сатып алганы майнап чыккан жок

Дамира Ниязалиева 18 миллион сомду төлөп бериши керек. Добуш сатып алганы майнап чыккан жок

06-кулжа, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева

Дамира Ниязалиева Ленин шайлоо округу боюнча мамлекет тарабынан шайлоо өткөрүүгө корогон 18 миллион сомду төлөп бериши керек! Ал добуш сатып албаса шайлоо жараксыз болбойт эле да…

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Абировдун бошогон ордуна кайра шайлоо өткөрүү боюнча шайлоо дайындалып, 2023-жылдын 28-май күнү шайлоо болуп өттү. Бирок, жыйынтыгы бир топ ызы-чуу менен коштолуп талапкер Дамира Ниязалиевага карата шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кылмыш иши козголуп, а түгүл Ниязалиеванын ишенимдүү адамдары деген эки адам камакка алынды. Аны менен катар Дамира Абаскановнадан кийинки орунду ээлеген Улан Сариевге дагы добуш сатып алуу боюнча айып коюлуп, учурда иш тергөөдө.
Эми биздин айталы дегенибиз таптакыр башка болуп туру. Мына Жаныбек Абиров жигиттик кылып өз каалоосу менен мандатып тапшырып берип кетти, анан кайра шайлоо дайындалды. Кайра шайлоо өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен дээрлик 18 миллион сомго чейинки каражат сапталды. Тилекке каршы шайлоонун жыйынтыгы талапкерлер тарабынан добуш сатып алуу менен коштолуп, минтип иш козголуп атат. Эми шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, биринчи жана экинчи талапкерлердин алган добуштары жараксыз деп табыла турган болсо кайра шайлоо өтөбү?! Мамлекет кайрадан 18 миллион сом которуп шайлоо өткөрөбү?! Ал чыгымды ким көтөрөт? Маселен, ошол 18 миллион сомго бир бала бакча салып же 2 мектепти кайрадан оңдоп-түзөп алсак мамлекет үчүн пайда эле болмок да, туурабы? Ушул шайлоо жокоо чыгып калуусуна ким күнөөлүү болсо ошол талапкерге төлөтө турган жолун карап көрсөк кантет?! Себеби, ошол талапкердин айынан шайлоо жокко чыгып кетип атпайбы! Андай боло турган болсо Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев Ленин округу боюнча шайлоо өткөрүүдөгү мамлекет тарабынан каржыланган 18 миллион сомду мамлекетке төлөп бериши керек болуп калат да. Алар добуш сатып алууга аракет кылбаса мындай “шоу-моу” жок эле шайлоо өтпөйт беле, туурабы!

Булак: Аргумент кж