Коом

Дагы бир адамды атып өлтүрүп кетишти, өздүгү аныктала элек

Ош шаарында белгисиз бирөөлөр эркек кишини атып кетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматта, бүгүн таңга маал Көкүм бий көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин дарбазасынын түбүнөн адамдын сөөгү табылган.
«Маркумдун өздүгү аныкталып жатат. Окуя боюнча КР КЖ кодексинин “киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши катталды. Маркумду башка жерде атып өлтүрүп, сөөгүн таштап кетишкен деген божомолдор бар», — дейт басма сөз кызматы.
Булак: argument.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *