Коом

“Чындыкты айтсам, күйөөм таштап кетеби?..”

Мен сыртынан караганда бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келем. Менде баары бар, бирок бир гана  бала жытына зармын. Өзүм бир үйдүн эрке кызы болчумун. “Тең-теңи менен” дегендей, он жылдай чогуу окуп, сүйлөшүп жүрүп, атамдын досунун уулуна турмушка чыктым. Ал жакка барганда бөлөк үйгө баргандай чочулоо болгон жок. Тартынган да жокмун. Баары мен ойлогондой жакшы башталды жана уланды. Бирок бир гана мени кыйнаганы – балалуу боло албаганым. Эки жылга созулду. Көрүнбөгөн жерим калган жок. Мага “балалуу боло албайт” деген диагноз коюшту. Күйөөм бир үйдүн жалгыз уулу. Ал да балалуу болуп, тукум улашы керек. Эртели-кеч күйөөмдүн мага болгон сүйүүсү өчүп, жашобуздун бактылуу күндөрүнө чекит коюлат. Жалгыздыктан корком. Жалгыз жашоону да элестете албайм…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *