
Чымынды пил кылбагылачы…Матраимовдун колун өпкөн Саркарбаев билдирүү жасады
02-бугу, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваРаим Матраимовдун колун өпкөн видео кечээ соцтармактарда тарап, колдонуучуларды бир топ чуу түшүргөн.
Көп өтпөй анын башкы каармандарынын бири Ош шаардык спорт комитетинин экс-жетекчиси Кылычбек Саркарбаев Райымбек Матраимовдун колун эмне үчүн өпкөнүн түшүндүрдү.
“Бул адам мени кичинемден тарбиялап, кыйын учурда жардам берген өкүл атам. Мен аны абдан сыйлайм, менден тышкары көп адамдарга жардам берип келет. Өкүл атамдын колун өбүүдөн жат эч нерсе көргөн жокмун. Чымынды пил кылбагылачы”, — деди Саркарбаев.