Чыгармачыл айымдар сыйлык алышты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ички иштер органдары менен тыгыз кызматташкан айымдар сыйланды. Бул туралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 9-март күнү Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков ички иштер органдары менен тыгыз байланышта болуп, Нарын ОИИБи уюштурган ар тараптуу иш-чараларда биргеликте көмөк көрсөткөндүгү, өзүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы үчүн жана 8-март- Аялдардын эл аралык күнүнө карата Республикалык Жоокерлердин Энелери комитетинин Нарын облусу жана Нарын шаары боюнча өкүлү Эгембердиева Фатима Ишеналиевнага ИИМдин “Датка Айым” медалын тапшырды.
Ошондой эле, Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрынын айрым айым кызматкерлерин Нарын ОИИБнин Ардак грамотасы жана ыраазычылык каттары менен сыйлады.
Сыйлык ээлерин жылуу кабыл алып, ”Жадыраган жаз айынын алгачкы күндөрүндөгү 8-март-Аялдардын эл арылык күнү менен сиздерди чын жүрөктөн куттуктаймын. Дайыма ушул жаздай жаркыраган маанай, жылуулук, арчадай атыр жыттанган жапжашыл жаштык, бар бакытты, дөөлөттүү өмүрдү жана бекем ден соолукту каалоо менен иштеринде ийгилик жараткан айымдарды ар дайым биз менен тыгыз байланышта болуп мындан ары кызматыбыз биргеликте улана беришине тилектешмин”,- деди А.Жумабеков.
Келген коноктор өз учурунда Нарын ОИИБнин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирүү менен эл жүгүн аркалаган жооптуу ишиңиздерде ийгиликтер коштоп, күжүрмөн эмгегиңер, бийик кадыр-баркыңар жогорулай берсин деген каалоо тилектерди айтып өтүштү.

Аргумент.kg