Чыңгыз Айдарбеков кайда жүргөнү тууралуу үн катты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков чет өлкөдө медициналык кароодон өтүүдө. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

«Урматтуу мекендештер! Бир нече күн байланышта болбогонумдун себебин сиздерге жеткирип коюуну чечтим. Буга чейин менин кесиптештерим маалымдагандай, ден соолугума байланыштуу пландаштырылган текшерүүнү өтүү үчүн чет жака чыгууга муктаж элем. Ал ортодо, Казакстанда куран окутуу зыйнаты да бар эле, андан соң медициналык текшерүү үчүн сапар уладым. Сиздер менен байланышка чыгуу мүмкүнүчүлүгү пайда болоор замат ушул кайрылууну жазуудамын. Бардык кабатыр болгон жана ар дайым колдоо көрсөткөн санаалаштарыма терең ыраазычылык билдирем! Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келем. Урматтоо менен, Чынгыз Айдарбеков»- деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 26-ноябрда Чыңгыз Айдарбеков кармалганы тууралуу маалымат чыккан. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул маалыматты четке

Аргумент.kg