Чыңгыз Курманалиев милицияга шек келтирип, түнкү клубдан тапанчасын жоготконбу?
23-бугу, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева
Чүй ОИИБде кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Курманалиев 2011-жылы түнкү клубда уктап калып, тапанчасын жоготконбу? Кылмыш ишине кириптер болгонбу? Бул боюнча телеграм аркылуу каңкуулашты. ИИМдин ички иликтөө кызматы кызыгып, өткөн чакты казып, териштирип көрүшпөйбү? Эгерде ичип алып тапанчасын жоготуп жүрсө, учурдагы кызматында иштөөгө мыйзам алкагында, моралдык жагынан дагы укугу жок да, туурабы? Негизи милициянын жетекчилик орундарында арты таза, элге үлгү боло турган кадрлар иштеши керек. Эртеби-кечпи былыгы барлар булайып эле чыгып калышат. Мезгил таразалап коёт.
«Азия Ньюс» гезити