
Чыңгыз Айтматовдун дагы бир чыгармасы боюнча тасма тартылат
21-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКыргызстан жана Өзбекстан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести боюнча биргелешип тасма тартуу тууралуу меморандумга кол койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Документке Кыргызстан тараптан Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов жана Өзбекстан тараптан Кинематография агенттигинин директорунун орун басары Шухрат Ризаев кол койгон.
Булак: Аргумент кж