Чүйдө окуучу кыз колу, буту байланган абалда табылган. Милиция маалымат таратты

Чүйдө окуучу кыз колу, буту байланган абалда табылган. Милиция маалымат таратты

30-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Чүйдө окуучу кыз колдору, буттары байланган абалда табылган. Аны коңшулары көрүп калганын облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, 24-октябрда Сокулук РИИБине билдирүү түшкөн. Анда Биринчи Май айылында өспүрүм кыз байланган абалда табылганы кабарланган.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын алкагында бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуучу, анын ата-энеси жана күбөлөр суралып, көрсөтмөлөр алынган.

«Азыркы учурда окуянын чыныгы жагдайларын тактоо боюнча иштер улантылууда. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет. Иштин тергелиши Чүй ОИИББдин жетекчилигинин көзөмөлү астында жүрүп жатат. Ошондой эле балдардын укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик уюмдар тартылды», — дешти милициядан.

Ал арада  сайттын  өздүк булактар билдиргендей, жабырлануучу кызды ата-энеси багып алган. Окуучу кыз башына сокку жегенден кийин эс-учун жоготконун, муну ким кылганын байкабай калганын айткан. Кароо учурунда анын денесинде көгала тактар болгон эмес. Ошондой эле ал ар кандай көрсөтмөлөрдү берип жатканын кошумчалашты.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Булак : Аргумент кж