Чүйдө октон жаракат алган аскер кызматкеринин абалы канааттандыраарлык

Чүйдө октон жаракат алган аскер кызматкеринин абалы канааттандыраарлык

09-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам октон жаракат алган аскер кызматкеринин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аскер кызматкери жалпы палатага которулган.

Белгилей кетсек, 6-июнда №73809 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери куралга этиятсыз мамиле кылуунун натыйжасында октон жаракат алган. Ага шашылыш түрдө Бишкек шаарындагы клиникалардын биринде операция жасалган.

№73809 аскер бөлүгү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Подгорное айылында жайгашкан.

Булак ; Аргумент кж